Чилиде өткөн пара-триатлон боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчулар алтын медаль утту
Чили Республикасында 8-ноябрда пара-триатлон боюнча дүйнө кубогу болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, Кыргызстандын курама командасы жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, алтын медаль утту.
PTVI Women (көзү азиз спортчу аялдар) категориясында Гүлназ Жузбаева (коштоочусу Оксана Рыбакова) биринчи орунду камсыздады. Аталган жеңиш дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна кирип, кыргыз триатлону тарыхында алгачкы ийгилик болду.
PTVI Men (көзү азиз спортчу эркектер) категориясында Жалалдин Абдувалиев (коштоочусу Иван Сушков) төртүнчү орунду ээледи.
