Кеминдеги стадиондун эскиздик долбоору иштелип чыкты
10 ноябрь

Кеминдеги стадиондун эскиздик долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Кемин районунун Кемин шаарындагы Победа көчөсүндө жайгашкан стадионду реконструкциялоо максатындагы эскиздик долбоорун даярдашты. Стадиондун жалпы аянты 3.8га.

Долбоорго ылайык, футбол талаасы, чуркоо жолдору, баскетбол жана кичи футбол аянтчалары, көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу трибуналар, жашыл аймак жана унаа токтотуучу жай каралган.

Бул спорт аянтчасы аймактагы жаштардын спорт менен машыгуусуна, калктын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана шаар инфраструктурасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.