
Баткенде «C» лицензиясы боюнча машыктыруучулук курсу башталды
Баткен шаарында КФБнын «C» лицензиясы боюнча машыктыруучулук курсу башталды. Окутуу 6 күнгө созулуп, катышуучулар чабуул жана коргонуу принциптери, техникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле машыктыруучунун жана ата-энелердин оюнчуларды тарбиялоодогу ролу тууралуу теориялык жана практикалык сабактарды өтүшөт.
Курстун программасы теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыйт. Биринчи модуль 15-мартка чейин уланып, экзамендер менен жыйынтыкталат, ал эми экинчи модуль 14-19-апрелде өтүп, анда калыс болуу, лидерлик, скаутинг жана дарбазачылардын техникасы сыяктуу темаларга көңүл бурулат. Окутууну башкы инструкторлор Алмазбек Мирзалиев жана Олег Эрбутаев өткөрүүдө.