
Бишкекте бокс боюнча чемпионат өтүүдө
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Чемпионат бокс боюнча жаштар арасында туңгуч Дүйнө чемпиону, Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери Айбек Абдымомуновдун наамына арналып өткөрүлүүдө.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 219 спортчу (73 балдар, 46 кыздар) спортчу катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашууда:
- Балдар: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 92, +92 кг;
- Кыздар: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75 кг.
Белгилей кетсек, Айбек Абдымомунов бокс боюнча жаштар арасында 2004-жылы Дүйнө чемпиону болгон, эл аралык даражадагы спорт чебери, Филиппинде өткөн Азия чемпионатынын күмүш байгенин ээси.