КРнын тыйын эңмей боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат
4 апрель

КРнын тыйын эңмей боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Шымкент шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, мелдеш 4-6-апрель күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

1. Азим Эсенбек уулу;

2. Улукбек Канасбеков;

3. Улан Ибраимов.

Улуттук курам башкы машыктыруучу Максат Батырбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.