Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы стадиондун курулушун тездетүүнү талап кылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-июнда Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, подрядчыга жана тийиштүү кызмат адамдарына жеринде тапшырмалар берилди.
Камчыбек Ташиев курулушу иштеринин жүрүшү жай болуп жатканына сынга алды жана тездетүүнү талап кылды.
Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүүгө жана инфратүзүмун жакшыртууга мамлекеттен 10 миллиард сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиард сому стадиондун курулушуна каралган.
Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 10 га түзөт.
Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр орун алмакчы. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.
Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат.
Футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.
Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.
Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды откөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.
