2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо беттештерине улуттук кураманын кеңейтилген тизмеси
Июнь айында өтө турган оюндарга даярдык көрүү максатында уюштурулган окуу-машыгуу жыйынына чакырылган Улуттук кураманын кеңейтилген тизмеси менен тааныштырабыз.
Белгилей кетсек, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы 5-июнда Түндүк Корея менен (конокто), ошондой эле 10-июнда өз оюн талаасында БАЭ курамасы менен беттешет. Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 26-майдан тартып Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын баштап, 30-майдан тарта даярдыгын Сауд Арабияда улантат. Эске салсак, Түндүк Кореяга каршы беттеш Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт.
Дарбазачылар: Токотаев Эржан (ФК «Шанлыурфаспор», Турция), Нурланбеков Курманбек (ФК «Дордой»), Прядкин Артем (ФК «Бишкек Сити»), Оронбаев Омурзак (ФК «Өзгөн»).
Коргоочулар: Кичин Валерий, Кенжебаев Эрмек (оба - ФК «Барс»), Козубаев Тамирлан (ФК «Персита», Индонезия), Брузман Християн (ФК «Абдыш-Ата»), Мищенко Александр, Бекбердинов Арслан (оба - ФК «Дордой»), Сулайманов Уланбек (ФК «Өзгөн»).
Жарым коргоочулар: Абдурахманов Одилжон (ФК «Биньзыонг», Вьетнам), Зарыпбеков Эльдияр (ФК «Чайка», Россия), Атабаев Эрбол, Жеңишбеков Биймырза (оба - ФК «Абдыш-Ата»), Жуматаев Арген, Узденов Магамед, Жыргалбек уулу Кайрат (все - ФК «Барс»), Эрмеков Байбол (ФК «Алга»), Бактыбеков Нурбол (ФК «Кыргызалтын»), Алыкулов Гулжигит (ФК «Торпедо», Россия), Жапаров Амир, Джумашев Атай (оба - ФК «Мурас Юнайтед»), Алмазбеков Бекназ (ФК «Рух», Украина), Борубаев Гулжигит (ФК «Минск», Беларусь), Мерк Кай (ФК «Дюделандж», Люксембург), Шукуров Алимардон (ФК «Торпедо», Беларусь), Мерк Кими (ФК «Дордой»).
Чабуулчулар: Жоэл Кожо (ФК «Эстегляль», Иран), Алыгулов Максат (ФК «Мурас Юнайтед»).
