
Кербен шаарында 475 миллион сомго стадион жана спорт комплекси курулуп жатат
15-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарында жайгашкан Абдыкадыр Дүйшөбаев атындагы борбордук стадиондо жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Алсак, 5 гектарга чукул аянтты ээлеген аталган стадион 1995-жылы салынган. Андан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй, жараксыз абалга келген. Натыйжада республикалык бюджеттен 200 млн сом каражат каралып, 2200 орундуу заманбап стадиондун курулуш иштери башталган. Азыркы учурда чыгыш трибунасынын курулушу жүргүзүлүүдө. Ал эми футбол аянтчасынын жана түндүк трибунасынын долбоору Эл аралык Футбол федерациясынын талабы боюнча даярдалып, экспертизага жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, Төрага стадиондун жанында салынып жаткан Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорттук комплексинин курулушунан да кабар алды. Тагыраагы, 4 миң чарчы метрден ашуун аянтты ээлеген комплекстин курулушуна республикалык бюджеттен 275 млн сом бөлүнгөн.
Төрага жасалып жаткан иштер Кербен шаарын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, анын ичинен жаңы салына турган Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорттук комплексиндей жай Жалал-Абад облусунда жок экендигин кошумчалады.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев Кербен шаарынын 20 жылдыгына карата кире беришине салынып жаткан дарбазаны салуу жумуштары менен да таанышты. Төрага аталган жай жарыктандырылып жана заманбап жасалгаланып бүткөрүлсө, шаардыктар жана келген меймандар суктанарлык дарбазага айланарын белгиледи.