Кыргызстандык балбандар Венгрияда өтө турган рейтингдик турнирге катышат
Венгриянын борбору Будапешт шаарында 17-июлда United World Wrestling (UWW) эл аралык федерациясынын колдоосу менен “Polyák Imre & Varga János Memorial” аттуу спорттук күрөш боюнча төртүнчү рейтингдик турнир старт алат.
Турнир дүйнөнүн алдыңкы балбандарын чогултуп, рейтингдик упайларды топтоого мүмкүндүк берет.
Мелдештин биринчи күнү эркин күрөш боюнча беттештер менен ачылат.
Спортчулар төмөнкү жети салмактык категориядагы күч сынашат: 57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 79 кг, 97 кг жана 125 кг чейин.
Кыргызстандын атынан 61 кг салмак чен бирдигинде эки балбан – Бекзат Алмаз уулу жана Тайырбек Жумашбек уулу – килемге чыгат. Экөө тең улуттук курама команданын мүчөлөрү жана эл аралык аренада жакшы тажрыйбага ээ.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
