Кыргызстандын 2025-жылкы Суперкубогу: «Абдыш-Ата» менен «Мурас-Юнайтед» беттешет
Кара-Балта шаарындагы «Манас» стадионунда 1-мартта Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Бул оюнда өткөн сезондун чемпиондору жана өлкөнүн атын таанытып келе жаткан «Абдыш-Ата» клубу менен 2024-жылкы Кыргызстандын кубогунун ээси «Мурас-Юнайтед» клубу беттешет.
Оюн саат 16:00дө башталат. Кирүү акысыз.
