Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө кубогунда күмүш медаль жеңди
21 ноябрь

Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө кубогунда күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өткөн бокс боюнча дүйнө кубогунда (World Boxing Cup 2025) 60 кг чейинки салмак категориясында экинчи орунду алып, күмүш медаль тагынды.

Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешинде Польшанын мушкери Павел Брачты 5:0 эсебинде утуп, жарым финалда сентябрда өткөн дүйнө чемпионатында жеңилген Англиялык спортчу Уильямс Хьюиттке каршы реванш алып, финалга чыкты.

20-ноябрда финалдык беттеште кыргызстандык мушкер Индиянын спортсмени Сачин Сивач менен таймашып, атаандашына утулуп, күмүш медаль жеңди.

Мунарбек Сейитбек уулу 2024-жылы Парижде өткөн Олимп оюндарында күмүш медаль, 2023-жылы дүйнө чемпионатында коло медаль уткан. Ал ошондой эле Кыргызстандын беш жолку чемпиону.

Белгилей кетсек, 16-20-ноябрь күндөрү Индиянын Чоң Нойда шаарында бокс боюнча Дүйнө кубогунун финалы өттү. Финалдык баскычка 18 мамлекеттен 130 спортчу катышты.