Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору алмашты
Улукбек Айдарбеков
1 сентябрь

Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору алмашты

Кыргыз профессионалдык футбол лигасында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды, деп билдирет Кыргыз футбол биримдиги. 

Улукбек Айдарбеков уюмдун аткаруучу директору болуп дайындалды. Ал буга чейин КРнын балдар футбол лигасын жетектеп келген, футбол түзүмүндө көп жылдан бери иш аркалап келет.

Белгилей кетсек. уюмдун буга чейинки аткаруучу директору Канат Асенов кызматтынан кетти. Ал 2021-жылдан бери аталган кызматты аркалап келген.