Кыргызстандык боксчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатында 2 коло медаль жеңди
9 декабрь

Кыргызстандык боксчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатында 2 коло медаль жеңди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында эки коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

60 кг чейинки салмакта Рыспек Бектенов жана 63.5 кг чейинки салмак категориясында Мирзохид Имамназаров 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, биринчилик Таиланддын Чиангмай шаарында өтүп, ага 21 өлкөдөн 210 мушкер катышты. Эркектер арасында 13 жана кыз-келиндер арасында 12 медалдар топтому ойнотулду.

Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.