Кыргызстандык балбандар бел боо күрөшү боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээледи
21 ноябрь

Кыргызстандык балбандар бел боо күрөшү боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээледи

19-20-ноябрь күндөрү Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында өткөн Бел боо күрөшү боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандын курама командасы байгелүү орундарды ээледи.

62 кг салмак категориясында күч сынашкан Толубай Шүкүров 3-орунду камсыздап, коло медаль тагынды.

100 кг салмак ченинде таймашкан Баяман Мыктыбеков да 3-орунду алып, коло байгенин ээси болду.

Ал эми +100 кг салмак категориясында күрөшкөн Бактияр Мирлан уулу 2-орунду алып, күмүш медаль жеңди.

Бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Дүйнө кубогу Бел боо күрөшү боюнча Дүйнөлүк жана Бүткүл россиялык федерациялардын негиздөөчүсү Риф Гайнановдун жаркын элесине арналды.

Мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 150 балбан, ошондой эле Италия, Беларусь, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандан келген эл аралык бел боо күрөшү жана улуттук спорт түрлөрү боюнча федерациялардын делегациялары катышты.

Улуттук курама команда машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилигинде катышты.