Бишкекте таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 12-13-аперль күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университететинин спорт комплексинде кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган таяк тартыш боюнча жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадылк эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
