Кыргызстанда айымдар футболун өнүктүрүү боюнча АФКнын программасы ишке ашырылат
Кыргызстанда айымдар футболун өнүктүрүү боюнча АФКнын программасы ишке ашырылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 3-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Азия футбол конфедерациясынын аялдар футболун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Лили Бай менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле КРнын Кыз-келиндер футбол ассоциациясынын президенти Салтанат Эгембердиева жана ассоциациянын аткаруучу директору Нурайым Алымкулова катышты.
Буга чейин Кыз-келиндер ассоциациясы Women’s Assistance Programme долбооруна катышуу үчүн билдирме берген. Бул программанын негизги максаты - аялдар футболун жигердүү жайылтуу, футбол ойногон кыздардын жана айымдардын санын көбөйтүү жана айымдар футболунун бардык деңгээлдеги техникалык өнүгүүсүн колдоо болуп саналат.
АФК өкүлү программа жана алдыдагы мелдештер тууралуу кеңири айтып берди, ошондой эле АФКнын айымдар футболун жайылтуу боюнча пландары менен бөлүштү. Башкы катчы кыз-келиндер футболун өнүктүрүүсүнө өзүнүн көз карашын айтып, биздин өлкөдө КФС менен Кыз-келиндер ассоциациясынын бул жаатта жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди.
Тараптар мындан аркы өзгөчө бул программанын алкагында кызматташуунун келечегин да талкуулашты.
