Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча курама командасы Токиодон кайтып келди
21 ноябрь

Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча курама командасы Токиодон кайтып келди

20-ноябрда Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча улуттук курама командасы кайтып келди.

Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорорунун орун басары Канатбек Молдалиев, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын орун басары Каныбек Думанаев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлдөрү жана спортсмендердин үй-бүлөсү, жакындары тосуп алды.

Команда мүчөсү Байсалбек Орозали уулу аталган оюндарда коло медаль уткан. Ал беттештердин жүрүшүндө алгачкы эки атаандашын - Венесуэла жана Япониянын спортсмендерин жеңип, жарым финалда Бразилиялык спортчуга утулуп калган.

Коло медаль үчүн таймашта Байсалбек Орозали уулу ирандык спортсменди таза “иппон” ыкмасы менен жеңип, үчүнчү орунду камсыздады.

Байсалбек Орозали уулу 2017-жылдан бери спорт менен алектенип келет. Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өткөн бир катар чемпионат жана Олимпиадаларга катышып, эл аралык жана республикалык турнирлердин чемпиону жана байге ээси болуп саналат.

Анын жеке машыктыруучусу - Ильгиз Каналбек уулу. Алгачкы машыктыруучусу Бакыт Абдыкаримов.