Ысык- Көлдө жыл сайын өткөрүлүүчү “Ден соолук” спартакиадасы старт алды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
17 июнь

Ысык- Көлдө жыл сайын өткөрүлүүчү “Ден соолук” спартакиадасы старт алды

Ысык-Көл облусунун “Кыргыз деңизи” санаторий спорттук базасында бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери арасында ар жыл сайын өткөрүлүүчү “Ден соолук” спартакиадасынын башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Спартакиада жалпы билим берүү тармагындагы кызматкерлер арасында дене тарбияны жана спортту кеңири жайылтуу, сергек жашоо образын калыптандыруу, ден соолукту чыңдоо максатында өткөрүлөт.

Спорттук иш-чара 17–22-июнь күндөрү өткөрүлүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген педагогикалык кызматкерлери катышып жатат.

“Ден соолук” спартакиадасында бүгүн волейбол жана футбол боюнча мелдештер башталды.19-июндан тарта тогуз коргоол, шахмат, стритбол, стол тенниси жана ордо боюнча мелдештер старт алат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү тиешелүү даражадагы диплом, медаль, кубок жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.