Кыргыз футбол биримдигинин Мелдештер комитетинин жыйыны өттү
24 январь

Кыргыз футбол биримдигинин Мелдештер комитетинин жыйыны өттү

Күн мурун Кыргыз футбол биримдигинин Мелдештер комитетинин онлайн жыйыны өттү.

КФБдан кабарлашкандай, жыйынга КФБнын жетекчилиги, Мелдештер бөлүмүнүн өкүлдөрү, комитеттин мүчөлөрү жана КФБ лигаларынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында 2025-жылга карата Премьер-лига, Жаштар лига, Улуттук лига, Кыргыз Республикасынын Кубогу, кыз-келиндер жана балдар менен өспүрүмдөр турнирлери боюнча регламенттердин долбоорлору каралды.

Жыйын алкагында келээрки сезондо VAR системасын колдонулушу боюнча маселелер, мелдештердин катышуучулары үчүн семинарларды өткөрүү, клубдарды регламенттердеги жана эрежелердеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо боюнча маселелер дагы каралды.

Ошондой эле төмөндөгүдөй сунуштар берилди:

• Калыстар, беттеш инспекторлору жана клубдардын өкүлдөрү үчүн кошумча кошумча семинарларды өткөрүү.

• VAR системасы менен иштөө механизмдерин тактоо жана техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү.

• Заявкалардын төлөмдөрдүн арыздарын бекитилишин тездетүү жана мелдештердин расмий/негизги транслянцияларды жүргүзө турган телеканалды аныктоо.

Жыйындын аягында регламенттердин долбоорлорун КФБнын Аткаруу комитетине бекитүүгө жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Комитет бардык катышуучуларга жүргүзүлгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылдагы мелдештерди ийгиликтүү өткөрүү үчүн клубдар жана ассоциациялар менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.