КФБ 2025-жылкы премьер-лиганын байгелүү орундарын ээлеген командаларга жалпы $150 000 акчалай сайлык тапшырды
9 ноябрь

КФБ 2025-жылкы премьер-лиганын байгелүү орундарын ээлеген командаларга жалпы $150 000 акчалай сайлык тапшырды

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын башкы чемпионаты 2025-жылкы Премьер-Лигасынын жыйынтыктоочу – 26-турунун борбордук беттештери орун алып, алардын жыйнтыктары менен чемпионаттын байгелүү орундарын ээлеген командалар аныкталды.

Аталган тур алкагында чемпиондуктун тагдырын чечкен «Барс» (Каракол ш.) – «Талант» (Беш-Күңгөй а.) беттеши Караколдун «Ынтымак Арена» стадионунда өттү. Жыйынтыгында беттешти жеңген чемпионаттын дебютанты – «Барс» клубуна алтын медалдар жана чемпиондук олжо тапшырылды. Чемпион катары караколдук клубка КФБ тарабынан 70 000$ өлчөмүндөгү байге берилди. Аталган сертификатты клубка өз колунан КФБнын Аткаруучу комитетинин мүчөсү Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич тапшырды.

«Мурас Юнайтед» (Манас ш.) – «Алга» (Бишкек ш.) беттеши орун алган Манастын «Курманбек» стадионунда оюндан соң команданы сыйлоо аземи өтүп, анда Премьер-Лиганын күмүш медалына ээ болгон «Мурас Юнайтедке» КФБ тарабынан 50 000$ өлчөмүндөгү байге берилди. Сертификатты команда капитанына КФБнын Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев тапшырды.

Ал эми, КФБнын Улуттук академиясынын оюн талаасында орун алган «Илбирс» (Бишкек ш.) - «Абдыш-Ата» (Кант ш.) беттешинен кийин, канттык клуб коло медалга ээ болуп, клубка КФБ тарабынан 30 000 $ өлчөмүндөгү акчалай байге берилди. Аталган сертификатты өз ээсине КФБнын Мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Джумабаев Сыймык Бекбаевич тапшырды.