КРнын спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр курамасы Түркияда өткөн мелдеште 13 медаль утту
Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү (U-17) Түркияда өткөн Victory Cup 2025 эл аралык мелдешинде 13 медаль утту. Анын бешөө алтын, үчөө күмүш жана бешөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркин күрөш боюнча:
- 1-орун 45 кг Арнур Нурсаидов;
- 1-орун 55 кг Жакшылык Боробаев;
- 2-орун 60 кг Талгарбек Ашымов;
- 2-орун 48 кг Довудбек Баходиров;
- 3-орун 60 кг Улукман Жекшенкулов;
- 3-орун 51 Садыр Каипбеков;
Курама команда улук машыктыруучу Улан Надырбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Грек-рим күрөшү:
- 1-орун 60 кг Эльдар Мурзакулов;
- 2-орун 45 кг Нуркерим Кумарбеков;
- 2-орун 51 кг Абдулазиз Моминов;
- 2-орун 48 кг Байгелди Өмүрбеков.
Улуттук курам улук машыктыруучу Дастан Мухтаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Кыздар күрөшү боюнча:
- 1-орун 40 кг Асема Асангариева;
- 1-орун 69 кг Аяна Асамаликова;
- 3-орун 49 кг Азема Калидинова.
Улуттук курама команда улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
