Борбор калаада грэпплинг боюнча Бишкектин биринчилиги өттү
20 май

Борбор калаада грэпплинг боюнча Бишкектин биринчилиги өттү

Бишкек шаарындагы «Локомотив» спорт-ден соолукту чыңдоочу комплексинде 17-майда грэпплинг боюнча шаардык биринчилик өттү.

Мэриядан кабарлашкандай, мелдешке 8-18 жаштан жогорку куракка чейинки балдар, кыздар, өспүрүмдөр жана жаштар катышты.

Жалпысынан баш калаабыздан 160ка чукул спортчу күч сынашты.

Жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Салмак категориялары боюнча жыйынтыктар:

14–15 жаш, 50 кг:
1-орун — Тополоңов Али
2-орун — Тополоңов Умар
3-орун — Асимбеков Ислам

14–15 жаш, 60 кг:
1-орун — Мамадов Абдулаход
2-орун — Аманкулов Билал
3-орун — Курманбеков Улук

10–12 жаш, 35 кг чейин:
1-орун — Акимбаев Умар
2-орун — Ахмидинов Айдар
3-орун — Базарбаев Кутман

Айрыкча белгилеп кетүүчү учур — Жекшенбекова Улутайдын аралаш категорияда жигит менен күрөшүп, аны жеңип чыккандыгы болду.  Греэпплинг спортунда айрыкча жаш курактар арасында жыныс боюнча бөлүнүү дайыма эле шарт эмес. Андыктан катышуучулардын арасында кыздар жетишсиз болгондуктан аралашып күрөшүүгө уруксат берилет.

Иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын грэпплинг федерациясы уюштурду.

Мелдештин негизги максаты — спорттун грэпплинг түрүн Бишкек шаарында жана жалпы республика боюнча жайылтуу, жаштарга тажрыйба топтоо үчүн аянтча түзүү, спорттук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана дени сак жашоо образын карманууга үндөө болуп саналат.