Футбол легендасы Христо Стоичков Кыргызстанга келет
20 август

Футбол легендасы Христо Стоичков Кыргызстанга келет

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде 21-августта дүйнөлүк «Football for Schools» («ФИФА Мектептер үчүн футбол») программасынын расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Салтанаттын ардактуу коногу болуп дүйнөлүк футбол легендасы, «Алтын топтун» ээси Христо Стоичков катышат.

Анын Кыргызстанга сапары бул программаны жаңы муун үчүн өзгөчө маанилүү экенин тастыктайт.

«Football for Schools» программасы балдарды футболго тартууга багытталган. Программа ФИФАнын бардык 211 мүчө ассоциациялары аркылуу ишке ашырылып, футболду улуттук билим берүү системасына интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Кыргызстанда бул программа ишке ашкан учурда мектептерге 3600 даана футбол тобу берилип, ФИФА инструкторлорунун катышуусунда улуттук семинар өткөрүлөт жана дене тарбия мугалимдери үчүн регионалдык семинарлар уюштурулат.

Программаны ишке ашырууда негизги ролду Кыргыз футбол биримдиги аткарып, бардык иш-чараларды уюштуруп, программанын натыйжаларын көзөмөлдөп, аны баалайт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги программаны окуу процессине интеграциялоого көмөк көрсөтүп, жооптуу өкүлдөрдү дайындайт жана окуу жылынын жүрүшүндө демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

Программа ФИФА инструкторлорунун жетекчилиги астында улуттук семинар жана фестиваль өткөрүүдөн башталат, анын артынан регионалдык семинарлар жана фестивалдар, мектептерге инвентарь тапшыруу, футбол боюнча окутуу программасын киргизүү жана анын жыйынтыктарын баалоо жүргүзүлөт. Программага жалпы 43 дене тарбия мугалими катышат. Семинар 21–22-августта, ал эми фестиваль 23-августта КФБнын Улуттук футбол академиясынын базасында өтөт.