Беш-Күнгөй айылында стадион апрелде колдонууга берилет
Беш-Күнгөй айылында жаңыдан курулуп жаткан стадион ушул жылдын апрель айында колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ өкүлдөрү стадиондогу иштерди текшерүү максатында аталган инфратүзүмдүк объектке баш багып, көчмө жыйын өткөрүштү.
Бул салынып жаткан стадионду куруу иштери дээрлик бүткөрүлүп, ал апрель айында ачылат.
Бүгүнкү жыйын алкагында ачылыштын алдында жыйынтыктоочу иштер туурасында маселелер талкууланды.
