К2 чокусун кычкылтексиз багындырган Эдуард Кубатов Кыргызстанга кайтып келди
Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү экинчи эң бийик чоку – Пакистандагы К2 (8611 м) чокусун кычкылтексиз багындырып, бүгүн, 20-августта мекенине кайтып келди.
Спортчуну “Манас” эл аралык аба майданынан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлдөрү, Кыргызстандын альпинизм федерациясынын мүчөлөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Эдуард Кубатов 11-августта саат 17:00дө К2 чокусуна чыгып, 13-август күнү эртең менен базалык лагерге аман-эсен кайткан. Аталган ийгилик өзгөчө кычкылтексиз ыкма менен багындырылганы менен айырмаланат.
К2 – дүйнөдөгү эң кооптуу жана техникалык жактан кыйын чокулардан болуп саналат.
