Курулуш министрлиги
26 ноябрь
Нарын шаарында 77,5 млн сомго заманбап спорткомплекс курулууда
Нарын шаарында жалпы наркы 77,5 миллион сомду түзгөн спорткомплекс курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө спорткомплекстин курулуш иштери 70 пайызга аткарылды.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1118 чарчы метрди түзөт. Спорткомплекс эки блокту, үч кабаттан турат.
