Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерге 63 жаңы унаа берилди
президенттин иш башкармалыгы
26 ноябрь

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерге 63 жаңы унаа берилди

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесине 25-ноябрда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы унаа тапшырылды.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, техникаларды мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тапшырды.

Жаңы техникалардын катарында C1E категориясы үчүн 18 LKW Center чиркегичи, C категориясы үчүн 17 ISUZU үлгүсүндөгү унаа, C1 категориясы үчүн 16 ISUZU унаасы жана D категориясы үчүн 12 JAC SUNRAY автобусу бар.

Бардык унаалар видеокөзөмөл системалары менен жабдылган. Ошондой эле экзамен алуучуларга көкүрөккө тагылуучу видеокамералар берилди. Келечекте практикалык экзамендерди кабыл алуу процессин автоматташтыруу пландалууда.

Буга чейин, 6-ноябрда, мамлекеттик автомектептерге B категориясындагы айдоочуларды окутуу үчүн 70 унаа тапшырылган. Ошентип, ноябрь айында мекемелер жалпысынан 133 транспорт каражатын алышты.

Мындан тышкары, Ош шаарында жаңы автодром ачылды. Бишкекте үч автодром жана «Унаа» борборунун каттоо бөлүмдөрү менен экзамен тапшыруучу аянтчалары жайгашкан көп функционалдуу комплекси курулууда.

Президенттин Иш башкармалыгынан белгилешкендей, реформа айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, экзамендердин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.