сүрөт: depositphotos.com
26 ноябрь
Кыргызстанда октябрь айында авиакаттамдардын баасы 15,2%га арзандады
2026-жылдын октябрь айында Кыргызстанда аба жүргүнчү ташуу кызматтарынын баасы сентябрь айына салыштырмалуу 15,2%га төмөндөдү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, темир жол аркылуу жүргүнчү ташуу кызматтарынын баасы да 0,7%га арзандаган.
Ал эми автомобиль транспорту менен жүргүнчү ташуу кызматтарынын баасы 1,1%га жогорулаган.
Жалпысынан жыл башынан бери транспорт кызматтарынын баасы 13,3%га өскөн.
