Сүрөт ачык булактардан алынды
26 ноябрь
Кыргызстандын бажы кызматы он айда 19 миңден ашык мыйзам бузуу фактысын аныктады
2026-жылдын он айында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бажы эрежелерин бузууга байланыштуу 19 миңден ашык факт аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун төрагасы Улан Кимсанов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында бюджетке кайтарылган каражаттын көлөмү 1,5 млрд сомго жакын сумманы түздү.
Кимсанов ак ниет ишкерлер үчүн бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү көзөмөлдү жана контрабандага каршы күрөштү алсыратууну билдирбей турганын баса белгиледи.
Ошондой эле ведомство бажы көзөмөлүнүн ачыктыгын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган санариптик инструменттерди киргизүүнү улантууда.
