Сүрөт ачык булактардан алынды
26 ноябрь
Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүү дээрлик 40%га өстү
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–октябрь айларында өсүмдүк майын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,8%га көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, нан жана нан азыктарын өндүрүү 19,7%га, эт азыктарын өндүрүү 11,5%га, ун өндүрүү 10,3%га өскөн.
Сүт азыктарын чыгаруу 6,2%га, суусундуктарды өндүрүү 7,2%га көбөйгөн.
Жалпысынан тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүрүү 10,1%га өсүп, акчалай түрдө 107,9 млрд сомду түздү.
