Акжол Махмудов олимпиада чемпионун мөөнөтүнөн мурда утуп, PWL курун жеңип алды
28 март

Акжол Махмудов олимпиада чемпионун мөөнөтүнөн мурда утуп, PWL курун жеңип алды

Эки жолку дүйнө чемпиону Акжол Махмудов эл аралык PWL 11 турниринде Япониянын олимпиада чемпиону Нао Кусаканы жеңди. 

28-мартка караган түнү Ташкент шаарында өткөн бул беттеш кеченин эң көркүн ачкан негизги кармашы болду. Адатта мындай деңгээлдеги балбандардын беттештери тактикалык мүнөздө өтүп, упай аз топтолот. Бирок бул жолу кармаш өзгөчө болду.

Беттеш эки мүнөттөн бир аз ашык убакытта эле 19:6 эсеби менен жыйынтыкталды. Грек-рим күрөшүндө мындай эсеп сейрек кездешет. Кармаштын башында Кусака ийгиликтүү чабуул жасап, 6:1 эсебинде алдыга чыккан. Бирок андан кийин Махмудов демилгени толугу менен өз колуна алды.

Кыргызстандык балбан кыска убакыттын ичинде үч ирет ири амплитудадагы ыкмаларды аткарып, катары менен 12 упай топтоду жана жеңүүчүнү алдын ала аныктап койду. Натыйжада беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Ошентип, Махмудов учурдагы олимпиада чемпионун ишенимдүү жеңип гана тим болбостон, 82 килограммга чейинки салмак категориясында уюмдун чемпиондук курун да жеңип алды.