Кыргызстандык парадзюдочулар Египеттен 2 коло медаль менен кайтып келди
20 август

Кыргызстандык парадзюдочулар Египеттен 2 коло медаль менен кайтып келди

Кыргызстандык парадзюдочулар Египеттин Гиза шаарында 18-19-август күндөрү өткөн “2025 IBSA Judo Grand Prix – Giza” парадзюдо боюнча Гран-при турниринен эки коло медаль менен кайтып келди.

Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Фердауза Убарикова көзү азиз спортчулардын (J-1) арасында 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду. Айбике Уланбек кызы (52 кг чейин) көрүүсү начар (J-2) спортчулардын арасында коло медалга татыды.

Спортчулар мелдешке Кыргызстандын Парадзюдо боюнча башкы машыктыруучусу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында катышты.