Талас шаарында 5 кичи футбол аянтчасы курулат
23 июнь

Талас шаарында 5 кичи футбол аянтчасы курулат

Талас шаарынын аймагында 5 кичи футбол аянтчасынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. 

Шаар мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев аянтчалардын курулушу менен жеринде таанышып, иштердин жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.

Аталган спорт аянтчалары №5, №2, №3 мектептердин аймагында, КАСИ университетинин жанына жана Тынчтык конушунда курулууда. Бул демилге КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев тарабынан көтөрүлүп, ишке ашуусуна демөөрчүлөрдүн колдоосу кошумча дем берген.

Талас шаардык мэриясы тарабынан тиешелүү жер тилкелери бөлүнүп, документ иштер толугу менен бүткөрүлгөн.

Ал эми жер казуу, тегиздөө иштери жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулууда.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Пландалгандай, бардык 5 аянтча алдыдагы бир ай ичинде толук бүтүп, пайдаланууга берилет.