КФБнын калыстар корпусу жаңы адистер менен толукталды
Кыргыз футбол биримдигинин калыстар корпусу жаңы адистер менен толукталды, деп билдирет КФБнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ыайык, 2010-жылдан бери расмий статус менен иштеп келе жаткан Футбол калыстар мектебинин Бишкектеги филиалы кезектеги окуу курсун аяктап, анда 9 катышуучу окууну ийгиликтүү аяктады.
2024-2025-окуу жылында курс сентябрдын аягынан апрелге чейин созулуп, теориялык жана практикалык сабактарды камтыды.
Курс футбол эрежесинин негизги темаларды, анын ичинде топ менен ойноо, гандбол, офсайд жана сары жана кызыл карточкаларды берүү эрежелерин камтыды. Оюнду уюштуруу, тартипти көзөмөлдөө жана матчтын жетекчилеринин административдик милдеттерине өзгөчө көңүл бурулду.
Практикалык тренинг түздөн-түз футбол талаасында өткөрүлүп, анда катышуучулар калыстык чеберчиликтерин, анын ичинде калыстар жана калыстардын жардамчылары үчүн жаңсоолорду жана сигналдарды үйрөтүштү.
Тренингде ФИФАнын жана АФКнын видеоматериалдары активдүү колдонулду, бул курстун катышуучуларына калыстыктагы реалдуу кырдаалдарды тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Сабактарды тажрыйбалуу ата мекендик инструкторлор: Юрий Ерошенко, Замирбек Чыныбеков жана Вадим Скопинцев өткөрүштү.
Окуу процессин уюштурууга Калыстар бөлүмүнүн башчысы Рысбек Шекербеков, КФСнын Калыстар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров жана мектептин жетекчиси Виктор Колпаков катышып, теориялык жана практикалык сабактарды өтүү үчүн шарттарды түзүп беришти.
Курстун жабылыш аземине инструкторлор, өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү катышышты, алардын көбү калыстыктын жогорку деңгээлине жетишип, өлкөнүн алдыңкы калыстары, ФИФА жана улуттук категориясына ээ.
