2026-жылы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өткөрүлүшү мүмкүн
16 июль

2026-жылы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өткөрүлүшү мүмкүн

Күрөш боюнча Кыргызстан Азия өлкөлөрүнүн арасында өзүнүн өзгөчө ордун табууда. Жакында Бишкекте болуп өткөн жаш өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбандар өздөрүнүн мыкты чеберчилигин көрсөттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов билдирди. 

“Биз бокс боюнча да Азия чемпионаттыгын өткөрөлү деген ниетте турабыз, бирок азырынча заманбап инфраструктура, талапка жооп берчү аренабыз жок. Учурда Бишкекте кичи арена салынып жатат, ал бүтсө бир гана Азия чемпионатын эмес, дүйнө чемпионатын өткөрүүгө толук шарт түзүлөт”, – деди ал. 

Ошондой эле, ал 2026-жылы өтө турчу күрөш боюнча дүйнө чемпионатын жана бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатын Бишкекте өткөрүүнү суранууга камданып жатышканын кошумчалады.