Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында коло медаль жеңип алды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
20 апрель

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында коло медаль жеңип алды

Кытай Эл Республикасынын Ордос шаарында 19-апрелде өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатынын алкагында “стенка на стенку” форматындагы командалык мелдештер болуп өттү.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы коло медалга ээ болду.

Бул жыйынтык тарыхый мааниге ээ, анткени кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатынын командалык мелдештеринде алгачкы жолу байге утушту.

Эске салсак, Азия чемпионаты 16–18-апрель күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышты. Мелдештин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 комплект медаль ойнотулду.

Аталган турнирде Кыргызстандын намысын 14 спортчу коргоду.