Баш байге Toyota Camry 80 жана Changan: Ысык-Көлдө ат чабыш боюнча мелдеш өттү
Ысык-Көл облусунда 21-июлда эл аралык ат чабыш боюнча “Ысык-Көл Кубогу – 2026” республикалык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев катышып, улуттук ат спортун өнүктүрүү, кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурасын сактоо жана жаш муунга жайылтуу мамлекет үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.
Мелдештин программасына аламан байге, топ байге, кунан байге, кыска аралыктагы ат чабыш жана чоң жорго жарышы кирди.
Жарыштарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана Казакстандан келген күлүктөр жана чабандестер катышып, күч сынашты.
Мелдештин алкагында жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми баш байгелер катары Toyota Camry 80 жана Changan үлгүсүндөгү автоунаалар ойнотулду.
