Кыргызстандын спортчулары Астанада өткөн парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында медалдарга ээ болушту
19 май

Кыргызстандын спортчулары Астанада өткөн парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында медалдарга ээ болушту

Ушул жылдын 13–15-май күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында парадзюдо боюнча дүйнө чемпионаты (IBSA Judo World Championships Astana 2025)  өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. 

Аталган эл аралык мелдешке дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 300дөн ашык спортчу катышты.

Кыргыз Республикасынын намысын бул чемпионатта парадзюдо боюнча улуттук курама командасы коргоду. Команданын курамында С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары ийгиликтүү чыгышты:
 • Абакирова Фердауза — 46 кг салмак категориясында күмүш медаль ээси;
 • Уланбек кызы Айбике — 52 кг салмак категориясында коло медаль ээси.

Спортчулар эл аралык аренада жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана жеңишке болгон күчтүү эркин көрсөтүштү. Алардын жеке машыктыруучусу — СССРдин спорт чебери, дзюдо боюнча адис Киндербаев Кажыбек Эсентурович, анын жетекчилиги астында спортчулар дүйнө чемпионатына даярдыктан өтүшкөн.