Кыргызстандык спортчулар Иранда өтчү эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ирандын Тегеран шаарында өтө турган TaKhti Cup эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 8-9-май күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 57 кг Абдумалик Карачев;
- 61 кг Бекзат Алмаз уулу;
- 65 кг Икрам Хаджимурадов;
- 70 кг Аден Сакыбаев;
- 74 кг Өмүрбек Таалайбек уулу;
- 79 кг Бекжан Жамбулов;
- 86 кг Бекзат Рахимов;
- 92 кг Дөөлөтбек Жамгырбек уулу;
Курама команда башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
