Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтүүдө
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
25 май

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

Бишкекте “Жаштык Арена” спорт комплексинде 23-майда көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдештер юниорлор арасында 21-жолу, ал эми сениорлор арасында 17-жолу уюштурулуп, Азиянын 19 өлкөсүнөн келген 200гө жакын гимнаст катышып жатат.

Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар.

Эскерте кетсек, Азия чемпионатында мыкты жыйынтык көрсөткөн гимнасттар Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Мелдештер 26-майга чейин уланат.