Кыргызстан футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын кабыл алат 
11 июнь

Кыргызстан футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын кабыл алат 

Кыргызстан 2026-жылы өтө турчу футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу беттештерин кабыл алчу өлкөлөрдүн бири болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Беттештер 16-24-сентябрда Бишкек шаарындагы КФБ спорткомплексинде орун алат.

Турнирдин тандоо этабына чучукулак аземи 2025-жылдын 26-июнунда өтөт.

Индонезияда өтө турчу финалдык баскычка жолдомо алуу үчүн жалпысынан 31 команда күрөшөт. Алар 8 топко бөлүнөт. Бул топтордун оюндарын төмөнкү өлкөлөр кабыл алат: Таиланд, Кувейт, Тажикстан, Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Мьянма, Малайзия жана Кытай.

ФИФАнын рейтингине ылайык, Кыргызстандын Улуттук курама командасы экинчи себетке жайгашкан.

1-себет: Иран, Таиланд, Япония, Өзбекстан, Вьетнам, Афганстан, Кувейт, Ирак

2-себет: Тажикстан, Кыргызстан, Сауд Аравиясы, Австралия, Ливан, Мьянма, Түштүк Корея, Малайзия

3-себет: Кытай, Тайвань (Кытай Тайпейи), Бахрейн, БАЭ, Мальдивдер, Чыгыш Тимор, Монголия, Макао

4-себет: Гонконг, Бруней, Палестина, Камбоджа, Индия, Бангладеш, Пакистан

Эске сала кетсек, Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курама командасы Азия биринчилигинин финалдык баскычтарында дайыма катышып келген. Болгону бир эле жолу – 2022-жылы команда финалга жолдомо ала алган эмес.