Албаниядагы рейтингдик мелдеш. Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар
27 февраль

Албаниядагы рейтингдик мелдеш. Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Абланиянын Тирана шаарына өтүп жаткан рейтингдик мелдеште үч медаль утту. Анын бирөө күмүш, экөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. 

65 кг чейники салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медалга ээ болду.

Билол Шарип уулу (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулу жана жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу (U-23) Ильгиз Жакыпбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.