Жалал-Абадда шахмат турнири өттү
7 май

Жалал-Абадда шахмат турнири өттү

Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын “Достук” эс алуу багында күн мурун, 6-майда шахмат турнири өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чарага 100дөй шахматчы катышкан.

Турнирдин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, жеңүүчүлөргө медаль, кубок жана акчалай белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, турнир Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган.