Ош шаарындагы борбордук стадиондун кире бериши көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды.
13 декабрь

Ош шаарындагы борбордук стадиондун кире бериши көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды.

Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун кире бериши көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. , 

Маалыматка ылайык, стадиондун айланасы буга чейин ар кандай учурларда жеке тараптарга пайдаланууга берилип, анын кесепетинен башаламан курулуштар пайда болуп, стадиондун жалпы көрүнүшүнө жана эл аралык талаптарга жооп берүүсүнө терс таасир тийгизген.

Жергиликтүү бийликтин демилгеси менен стадиондун айланасындагы жана канал жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулуп, аймак баштапкы абалына келтирилди. Ошондой эле тазалоо жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар аймагындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, ирээтке келтирүү жана кооздоо боюнча тапшырма берген. Анын алкагында борбордук стадиондун айланасы толук иретке келтирилип, түндүк-батыш тарабындагы дарбаза аркылуу автоунаа жүрүүчү жол ачылып, асфальт төшөлдү.

Жыйынтыгында борбордук стадиондун айланасы кооз, таза жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу аймагына айландырылды.