Таласта волейбол боюнча чемпионат өткөрүлдү
Талас шаарындагы Газпром спорт комплексинде 2-4 март күндөрү U- 16” жаш куракка чейинкилер (2010 ж.т. жана андан кичүү курактагы өспүрүм кыздар) арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын 2-туру болуп өттү.
Ага республиканын аймагынан жалпы 8 команда катышты. Жеңүүчүлөргө КР волейбол федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Жыйынтык:
- 1-орун Бишкек шаары;
- 2-орун Чүй облусу;
- 3-орун Талас облусу.
