«ОшМУ» жана «Мурас Юнайтед» футбол клубтары КФБнын мүчөлүгүнө кабыл алынды 
11 июнь

«ОшМУ» жана «Мурас Юнайтед» футбол клубтары КФБнын мүчөлүгүнө кабыл алынды 

Күн мурун, 10-июнда Кыргыз футболдук биримдигинин кезектеги конгресси болуп өттү, деп билдирет КФБнын басма сөз кызматы. 

Конгресске футбол лига, футбол клубдар, аймактык ассоциациялар жана өлкөдө футболду өнүктүрү боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзгөн КФБ мүчөлүгүнө кирген башка уюмдардын өкүлдөрү катышты. Азия футбол конфедерациясынын адиси Йогеш Десаи Конгресске байкоочу катары катышты.

Конгресстин бекитилген күн тартибине ылайык, КФБнын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт угулуп, кабыл алынды. Ошондой эле өткөн жыл үчүн каржылык жана аудиттик отчёттор да бекитилди.

Жыйындын алкагында КФБнын жаңы түзүлгөн Көзөмөл, текшерүү жана аудит комитетинин мүчөлөрүн шайлоо өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында комитеттин курамына төмөнкү мүчөлөр кирди: Кенжетаев Аскар Салымбекович, Таиров Жаныбек Нарынбекович, Акунбеков Эркинбек Замирбекович.

Ошондой эле жаңы Шайлоо комитети шайланды.

Анын курамы: Осмонов Мурат Мукашбекович, Аманбаев Ергали Увасипович, Орехов Александр Дмитриевич.

Конгресстин негизги суроолорунун бири болуп «ОшМУ» жана «Мурас Юнайтед» футбол клубдарынын КФБ мүчөлүнүнө кабыл алуу тууралуу кайрылуусу каралды. Бул маселе добуш берүүгө коюлуп, делегаттар клубдарды кабыл алууну бир добуштан колдошту. Натыйжада, КФБ мүчө болгон футболдук уюмдардын жалпы саны 30га жетти.