Суучул Владислав Шулико Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычын 30 мүнөттө сүзүп өттү
Суучул Владислав Шулико Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычын сүзүп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облусуна келген белгилүү суучул Владислав Шулико жана анын командасын облус башчынын орун басары Максатай Каримбердиева кабыл алып, ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнө чемпионатынын желегинин республикалык эстафетасынын алкагында желекке Баткен облусунун герби тагылып, спортчуларга салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Андан соң делегация Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычына барып, суучул Владислав Шулико суу сактагычты ийгиликтүү сүзүп өттү. Суучул 2 чакырым аралыкка 30 мүнөттө сүзүп жетти.
Владислав Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү кызмат өкүлдөрү тартылды. Аталган иш-чара алдыдагы эл аралык мелдешти даңазалоо жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтуу максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл облусунда UIM F1H2O World Championship – Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 эл аралык спорттук иш-чарасы өтөт. Ага даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында дүйнө чемпионатынын желегинин республикалык эстафетасы уюштурулууда.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-июнунда Италия Республикасынын Сардиния аралында өткөн расмий салтанатта Кыргыз Республикасы дүйнө чемпионатынын эстафеталык желегин кабыл алып, UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этаптарынын бирин өз аймагында өткөрүү укугуна расмий түрдө ээ болгон.
Бүгүнкү күндө республикалык эстафета өлкөнүн бардык аймактарын камтып, Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытуу, ошондой эле алдыдагы дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук мелдешке коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.
