Азим Чойбеков – 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын финалында
19 май

Азим Чойбеков – 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын финалында

Жарым финалдык беттеш биздин спортчу үчүн чыныгы сыноо болуп калды. Азим Чойбеков Жаңы Зеландиянын өкүлү Вини Роман менен жолугушту.

Чыңалган жана өжөр күрөштө Азим мүнөзүн, жеңишке болгон эрктүүлүгүн жана бокстун жогорку деңгээлин көрсөттү.

4:3 эсебинде маанилүү жеңишке жетишип, 22 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын финалына татыктуу чыкты!