Мырзакир Кошалиев 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын финалында
Азия чемпионатынын жарым финалында Мырзакир Кошалиев Өзбекстандан келген күчтүү атаандашы Маханов Арман менен катуу жана курч беттешти.
Мыкты даярдыктын, өжөрлүктүн жана рингде так иштөөнүн аркасында Мырзакир ишенимдүү түрдө 4:1 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин финалына өттү!
Финалдык беттеште ал Казакстандын өкүлү Сапар Ерсултан менен беттешет.
