Кыргызстандык самбочулар Ташкентте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатына катышууда
Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 14-20-апрель күндөрү өтөт.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев, машыктыруучулар Ильгиз Каналбек уулу жана Анара Жумали кызынын жетекчилиги алдына мелдешке катышууда.
